Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы №102
«Кыргызтелеком» Ачык Акционердик коомунун интернет булагын тартуу үчүн 25.01.2019-жылдагы № 01-11/23-кайрылуу каты боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап талк,Үч-Терек айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу участкасынан Кара-Көл шаарына чейинки 18,70 чакырымына ОВК-24 маркасындагы магистралдык кабелин тартуу үчүн «Кыргызтелеком» Ачык Акционердик коомуна макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Оморовко милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|