Редакцияот 28.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОңОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Коңорчок айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 28-августу №28/44

Конорчок айыл аймагындагы салыктын түрлөрүн жана Кз зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 2013-жылдагы №231 Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде,Конорчок айыл аймагынын салык боюнча адиси Э.Маметтоктоевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Коңорчок айылдык кенешинин сесиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2018 -жылдын 1-январынан баштап Конорчок айыл аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин.

- Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы, айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы,калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы,кыймылсыз мүлк салыгы

2. Кз-зоналдык коэффицентинин мааниси 1.0 өлчөмүндө бекитилсин.

3. Жер салыгынын ,1,2,3-топ боюнча обьектилеринин мүлк салыгынын салыктык эсептери Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.

4.Бул токтом каттого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизуу үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.Токтом 1-январь 2018-жылдан баштап күчүнө кирсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мамлекеттик салык кызматынын Ак-Талаа району боюнча башкармалыгынын жетекчиси;А. Маметшериповго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Байыш уулу Улук