Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №36/5
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXV-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571-токтому менен бекиген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү Жобосуна” ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтүнүн 09.08.2018-жылдагы №243-буйругу менен түзүлгөн Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын менчик же ижара укугун берүүгө карата комиссия бекитилсин.
2. Түзүлгөн комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №571-токтому менен бекиген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укукту берүүнүн типтүү Жобосун” жетекчиликке алуу тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|