КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2019-жылдын 18-январы №37/5
Кочкор айыл аймагынын 2019-2023 жылдарга стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXVII сессиясы Кочкор айылынын өнүгүү концепциясын карап,чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын 2019-2023 жылдардагы өнүгүү концепциясы бекитилсин.
2. Өнүгүү концепциясындагы иш чаралардын планы жана милдеттер айыл аймагы тарабынан аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|