Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №37/6
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы (АИД-3) Кочкор айылындагы Көбөгөн-Сай конушуна жаңы бала бакча салдыруу, Большевик айылынын бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү, Теңдик айылынын бала бакчасына кошумча корпус куруу, чакан долбоор катары сунушталып жаткан Теңдик айылынын таза суу системасын реконструкциялоо үчүн өздүк салымга каражат бөлүп берүү максатында Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында каржылана турган ири долбоор катары сунушталып жаткан Көбөгөн-Сай конушуна жаңы бала бакча салдыруу (долбоордун жалпы суммасы – 160000,0 миң сом, өздүк салым 600,0 миң сом), Большевик айылынын бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү (долбоордун жалпы суммасы – 1500,0 миң сом, өздүк салым 57,0 миң сом), Теңдик айылынын бала бакчасына кошумча корпус куруу (долбоордун жалпы суммасы – 4000,0 миң сом, өздүк салым 150,0 миң сом), ал эми чакан долбоор катары сунушталып жаткан Теңдик айылынын таза суу системасын реконструкциялоо (долбоордун жалпы суммасы – 1350,0 миң сом, өздүк салым 50,6 миң сом), жалпы өздүк салымдын суммасы 857,6 миң сом акча каражаты 2019-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтү долбоордук сунушту облустук конкурстук комиссияга өз убагында берүүнү камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|