Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №37/8
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги XXXVII сессиясы “Кочкор-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Биялиеваныны билдирүүсүн угуп,талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруудагы кызматы үчүн Кочкор айыл аймагынын тургундарына ар бир түтүнгө тариф 200 сом өлчөмүндө бекитилсин, бул төлөмдүн 100 сому жергиликтүү бюджетин эсебинен субсидия катары бөлүнүп берилсин.
2. Тарифти чогултууда калк арасында түшүндүрүү иштерин “Кочкор-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын үнөмдүү жана максатуу пайдалануу менен муниципалдык ишканага таштанды чыгаруу үчүн автоунаа алууга жетишүү ишкананын жетекчиси Б.Биялиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|