Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №38/3
Кочкор айыл өкмөтүндө жеке менчик турак-жай курууга муктаж болуп 3645 тен ашык адам жер алууга кезекте турат, жогорудагы адамдар 10 жылдан ашык убакыттан бери айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешине жер бөлүп берүү маселесин коюп келишет.Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы №257 сандуу мыйзамы кабыл алганга чейин суугат айдоо жерлерин калктуу конушун кеңейтүү үчүн сунушталган жер аянттары Кочкор айылынан №461 контурунан «Стадион» участкасынан 35,0 га №461 ,Большевик айылынан «Аккырчоо» участкасынан №293 контурунан 20,0 га, «Сай» участкасынан 240 контурунан , 240 контурунан ,15,0 га Теңдик «Уй сарай» 28,5 га №67 контурунан. Кочкор айыл өкмөтүнүн АЧМФнун жерлеринен 98,5 га үлүш 11,5 га жалпысы 110,0 га жер аянтын сунуштоо жөнүндөгү 2019-жылдын 24-январындагы №7 буйругун бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-январындагы № 7 буйругу бекитилсин.
2.Кочкор айыл өкмөтү боюнча АЧМФнун жер аянтынан 98,5 га жер аянты калктуу конуштарды кеңейтүүгө сунушталсын.
3.Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынан «Уй-сарай» участогунан үлүш жеринен 11,5 га жер аянты үлүш ээлеринин макулдугу менен айылды кеңейтүүгө сунушталсын.
4.Кочкор айыл өкмөтү боюнча АЧМФнун суу баскан айдоо жерлеринин категориясынан калктуу конушту кеңейтүүгө жалпысы 110,0 га жер аянты сунушталсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|