КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезекcиз XXXVIII сессиясы
2019-жылдын 29-январы №38/7
Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти жылдыруу жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXVIII-сессиясы, Теңдик айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти айылга спорт залын салуу максатында жылдырууну чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теңдик айылынун борбордук көчөсүнүн айылдык канторасынын жанында жайгашкан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликти, айылга спорт залын салуу үчүн, муниципалдык жерди үнөмдүү пайлануу максатында Теңдик айылынын борбордук көчөсүнүн түндүк батыш тарабына 150 метр аралыкка жылдырылсын.
2. Жылдыруу максатында атайын комиссия түзүлүп иш алып барсын, тиешелүү жактарга кат жолдоо менен документтерин топтоо жана аткаруу айыл башчысы Ж. Кенжегожоевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Балкыбеков |
|
|