Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели №2
Чаткал айылдык кенешинин бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын V–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал жайыт комитетинин 2017-жылга карата болжолдуу бюджетинин киреше бөлүгү 2017-жылга 651 738,63 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Чаткал жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү 2017-жылга 651 738,63 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чаткал жайыт комитетине 2017-жыл үчүн 19, 193 га жер жайыт үчүн пайдаланууга берилсин.
4. Чаткал жайыт комитетине жайыт акысын төлөөдө Чаткал айыл аймагына 1 баш ШМБ 50 сом,башка айыл аймактар үчүн 1 баш ШМБга 90 сом, башка райондор үчүн 1 баш ШМБга 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бекитилген сметанын негизинде акча каражатын жумшоо жагы Чаткал жайыт комитетинин төрагасына жана эсепчисине жүктөлсүн.
6. Чаткал жайыт комитетинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана бекитип берүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнө сунушталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы , агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдетендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|