Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели №3
Чаткал айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын V–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Кыз булак участкасына арка орнотуу үчүн тийиштүү жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасындагы бакты арендага берүүнүн баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ø Көп жылдык мөмө берүүчү бакка 1 га жер үчүн 3000 сом аренда акысы белгиленсин.
3. Абдрахманова Дилбардын арызы талаш тартыш жерлерди тактоо комиссиясынын чечиминин негизине ылайык иш жүргүзүлсүн.
4. Ак булак участкасынан жуут куруу үчүн жерди карап чыгуу жер боюнча түзүлгөн комиссияга тапшырылсын.
5. Айылдардын арасындагы ички көчөлөргө шагыл төгүү боюнча иштерди жүргузүү мүмкүнчүлүгүнө жараша аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Айылдардагы ички жолдорду кенейтүү, талаш тартыш жерлерди чечүү Чаткал айыл өкмөтүндөгү түзүлгөн комиссиясына мыйзамдуу иш алып баруу жагы милдетендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык кенешинин мыйзамдуулук жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|