Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-июну №1
Чаткал айыл аймагына караштуу 2,45 га жер аянтына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап КРнын Жер кодексинин 28-3 беренесинин, КРнын Өкмөтүнүн 01.04.2006-ж. № 261 токтомунун жана ОсОО “Жайсанголд” ишканасына берилген №5134 лицензиясынын негизинде Чаткал айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО Жайсанголд ишканасына Чаткал айыл аймагына караштуу 2,45 га жер аянтына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери мыйзам чегинде жүргүзлүшүн камсыз кылуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|