Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-июну №1
Чаткал айыл аймагына караштуу Жарты Суу участкасынан 20га , Кара Корум участкасынан 19га жер аянтына ОсОО “КАЛЬТОН” ишканасынын кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча КАЛЬТОН ишканасынан келген катын талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “КАЛЬТОН ишканасынын жетекчиси Ким Бъенг Ук өзүнүн катышуусунда айыл тургундары менен жолугушуу өткөрүлгөнгө чейин кен казуу иштерине уруксат берилбесин.
2. Айыл тургундары менен жолугушууну уюштуруу Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|