Редакцияот 22.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 22-июну №3

“ОсОО Сарыджаз Ресурс” ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө

 

Чаткал айыл аймагына караштуу Рават участкасынан 634,2 га жер аянтына кен байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап КРнын Жер кодексинин 28-3 беренесинин,КРнын Өкмөтүнүн 12.04.2006-ж. № 261 токтомунун жана “ОсОО Сарыджаз Ресурс” ишканасына берилген № 5319 АП лицензиясынын негизинде Чаткал айылдык кенешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ОсОО“Сарыджаз Ресурс” ишканасына Чаткал айыл аймагына караштуу Рават участкасынан 634,2 га жер аянтына кен байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери КРнын Мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл айылдык кенешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Эргеш уулу У.