Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 12
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен Крупская атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен Крупская атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесининен 90 000 (токсон мин)сом Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |