Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу №1
Чаткал айыл өкмөтүнүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин атайын каражат эсебине жардам иретинде түшкөн 100 000 сом акча каражаты төмөнкү 22154900 статьясынан негизинде туберкулоз ооруусу менен ооруган жарандар үчүн 30 000 сом, бюджетке кирбеген мекемелерди кышка карата отун көмүр менен камсыздоого 22241100статясына 20 000 сом бекитилип берилсин.
3. Жергиликтуу бюджетин атайын каражат эсебине жардам иретинде түшкөн 1 000 000 сом акча каражаты төмөнкү 31112390 статьясына 500 000 сом, 22154900 статьясына 150 000 сом өрт калкандары үчүн,22154900 статьясынын негизинде К.Темировдун курулган үй тамы үчүн жардам иретинде 45 000 сом,22154900 статьясына Чанадалаш көпүрөсүнө автордук көзөмөл жургузуу учун 90000 сом,22221100 статьясына билим беруу мекемелерине спорт инвенарларды алуу үчүн 100000 сом, жаны конуштарга электр линияларын жеткирүүгө 21 100 сом,22154900 статясынын негизинде Т.Жаналиев орто мектеибинин жылытуу системасынын долбоорун даярдоо үчүн 78 900 сом бекитилип берилсин жана чыгаша бөлүгүнүн планына киргизүүгө макулдук берилсин.
4. Жергиликтүү бюджетин айыл өкмөтүнүн конторасын утурумдук ремонтоо үчүн каралган 125 000 сом акча каражатын айрым жетишпеген төмөнкү статьялар боюнча почта түйүнүн ремонтто үчүн 30 000 сом, жаны конуштарга электр линниясын жеткирүүгө 55000 сом, президентик шайлоого карата лозунг даярдоого 15 000 сом, Ак таш айылындагы тез жардам автоунасын ремонтоо үчүн 25 00 сомду жумшоого бекитилип берилсин.
5. Чаткал айыл өкмөтүндөгү МТСтин гаражына бөлүнгөн 835000 сом акча каражтынан 650059 сом чатырын жабуу үчүн түз келишимдин негизинде иштетүүгө жана 184941 сом эмгек акы катары жумшоо үчүн макулдук берилсин.
6. Чаткал айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө транспорт салыгынан ашыкча түшкөн төмөнкү 3265500 сом акча каражаты башкаруу тармагынын Курулуш айылдык ФАПын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 22211100 статьясына Усупбеков К орто мектебинин жаны курулган 2 корпусун көмүр менен камсыздоо үчүн 117776 сом, билим берүү тармагынын айрым жетишпеген төмөнкү 22241100 статьясына 130000 сом, 22211100 статьясына С.Мырзалиев орто мектебинин жылытуу сиситемасын ремонтто үчүн 78524 сом бөлүнүп берилсин.
7. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|