Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-октябры №1
Чаткал айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын VIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 14151200 статьясынан коюлган пландан 6-айдын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылган 1000,0 мин сом акча каржатын айыл Өкмөттүн жетишпеген статьяларына чыгаша бөлүгүнөн башкаруу тармагынан утурумдук ремонт иштерине 22211100 статьясына 150,0 мин сом, ар кандай чыгымдарына 607,0 мин сом, ал эми билим берүү тармагынын утурумдук ремонт иштерине 22211100 статьясынын негизинде 243,0 мин сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Чаткал айыл Өкмөтүнө караштуу мекеме-уюмдарга керектелуучу жабдыктарды сатып алуу үчүн өткөрүлгөн конкурстун негизинде жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун берген сунушунун негизинде башкаруу тармагына 152.4 мин сом 22211100 статьясына жылдырылсын
3. Бюджеттик акча каражатын мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|