Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-октябры №2
Чаткал айылдык кенешинин,жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын Х–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн Жаны Базар айылындагы Жаны Кыштак участкасынан турмуш шарты оор төмөнкү атуулдарга кезеги менен там арка үчүн 0,15 га жер аянты ар бир жаран үчүн бөлүнүп берилсин:
• Сманов Базарбай 18.07.2011-ж.арызынын негизинде,
• Усупбекова Токтоканга 01.04.2011-ж. арызынын негизинде,
• Шадыканова мария 24.12.2011-ж. арыздын негизинде,
• Сейталиев Жапар 29.08.2014-ж
• Эркинова Нурайга тоголок жетим,
• Сейитбекова Бактыгүлгө 08.02.2012-ж,
• Өмүрбеков Бекболсун 25.03.2014-ж
• Убалиев Бактыбекке 05.03.2015-ж
• Сагынов Союзбекке 01.07.2006 жылдагы №805 токтомдун негизинде.
2. Төмөнку жарандардын атасынан калган үй тамы мураска калтыруунун негизинде макулдук берилсин:
• Айтматов Шумкарбек атасынан калаган үй тамы,
• Жээналы кызы Жумаида атасынан калган үй тамы үчүн.
3. Төмөнкү тоголок жана жарым жетимдердин кезеги менен чандалаш участкасынан там арка үчүн жер бөлүнүп берилсин:
• Дурусбеков Азамат тоголок жетим,
• Эркин кызы Жумасия тоголок жетим.
4. Жер боюнча түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде Кошокбаев Эге Ак таш айылынын Ак Чечек участкасындагы кашардын үй тамы менен 0,15 га, мал сарайга 0,38 га жер аянты берилсин.
5. Жогорудагы атуулдарга мыйзамдын негизинде жер бөлүп берүү жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси Б.Өмүрбековго милдетендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|