Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-ноябры №6
Чаткал айыл аймагында , үлүштүк (дем берүүчү) грант менен кошо каржыланып бүткөрүлүүчү долбоорлору боюнча Чаткал айыл аймагына караштуу айылдар арасындагы артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо максатында, Чаткал айыл аймагынын Жаны-Базар айылында 2017-жылдын 19-ноябрында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйынынын №47 протоколун карап жана талкуулап, Чаткал айылдык кенешинин VI чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Жаны-Базар айылында 2017-жылдын 19-ноябрында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын №47 протоколу менен, айылдык аймакка караштуу айылдардан артыкчылыктуу долбоорлор катары тандалып алынган төмөнкү долбоорлор сунушталсын:
1) “Таалайбек Бектурганов” атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү,
2) Чаткал айыл өкмөтүнүн имаратын ичин капиталдык ондоодон өткөрүү долбоорлору артыкчылыктуу долбоорлор деп бекитилсин.
2. Бул долбоорлордун бекитилген ДСД ылайык сметалык наркы төмөндөгүдөй белгиленсин;
1) “Таалайбек Бектурганов” атындагы маданият үйүнүн имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү 1152999 сом, мындан жергиликтүү бюджеттен каржылануучу сумма 230600 сом,
2) Чаткал айыл өкмөтүнүн имаратын ичин капиталдык ондоодон өткөрүү 870864 сом, мындан жергиликтүү бюджеттен каржылануучу сумма 87086 сом.
3. Бул долбоорлорду ишке ашырууда каржылануучу акча каражаты Чаткал айыл аймагынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржылануусу бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылуусун жекетчиликке алуу жагы Чаткал айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|