Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №1
15-июль 2011-ж. №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 46, 50-беренелеринин негизинде Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана коюлган милдеттери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин ХIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун Чаткал айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана коюлган милдеттеринин аткарылышы жөнүндө билдирүүсү эске алынсын.
2. Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн 2017-жылдын 12 айындагы көрсөткүчтөрү, бюджеттин аткарылышы боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго тапшырылсын.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|