Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №4
Чаткал жайыт комитетинин төрагасынын 12 айдагы аткарган иштери б-ча маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын ХIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал жайыт комитетинин 12 айда аткарган иштери б-ча маалыматы эске алынсын
2. Чаткал жайыт комитетинин 12 айда аткарган иштери айрым кемичиликтери менен канаттандырарлык деп табылсын.
3. Чаткал жайыт комитетинин торагасы М.Матишовго төмөнкү кемчиликтерин аткаруу белгиленсин
• 2017-жылдагы чогултулбай калан акча каражатарын чогултууну
• Мал ыландарын алдын алуу жана иш планда бекитилген жумуштарды 2018 жылга аягына чыгаруу
• Мониторингди өз убагында өткөрүүнү колго алуу.
4. Чаткал жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин долбоору №1 тиркемеге ылайык 605, 3 мин сом суммасында бекитилсин.
5. Чаткал жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин долбоору №2 тиркемеге ылайык чыгаша болугу болуп 605, 3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Чаткал жайыт комитетине 2018-жыл учун 19 139 га жер жайыт пайдалануучулар үчүн берилсин.
7. Чаткал жайыт комитетине жайыт акысы Чаткал айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн 1 баш ШМБ 50 сом, башка айыл аймактар үчүн
1 баш ШМБ 90 сом, башка райондон келген жайыт пайдалануучулар үчүн 1 баш ШМБ 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы,агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдетендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|