Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №7
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер жана турак жай адисинин сунушу эске алынсын жана төмөнкү жарандарга .
• Алчынбеков Кутмандын жерин иниси Алчынбеков Мелиске өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
• Жаны базар айылынын тургуну М.Батырбековдун арызы канатандырылсын жана Кыз булак участкасындагы жер айыл өкмөтүндөгү жер боюнча комиссиянын негизинде каралып мыйзамдын негизинде бөлүнүп берилип келишимдин негизинде аренда акысы 5000 сом болуп бекитилсин.
2. Чаткал айыл өкмөтүндөгү ФПС жерлеринин пайдаланууда 1 жылдык аренда акысы айыл өкмөтүнүн бюджетин которуу максатында төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
• Суулу жер учун 1 га жерге аренда акысы 1200 сом өлчөмүндө.
• кайракы жер учун 1 га жерге аренда акысы 400 сом,
• чабынды жер учун 1 га жерге аренда акысы 300 сом
3. Чаткал айыл аймагына караштуу Курулуш ,Жаны базар айылдарынын ички жолдору 27 262 м болуп бекитилсин жана кардан тазалоо, тегиздөө жумуштарына МТСтин техникасы үчүн керектелүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнүн эсебинен каржылансын.
4. Балык чарба боюнча кайрылган жарандардын арызы жер боюнча Комиссияга жөнөтүлсүн жана комиссиянын чечиминин негизинде каралсын.
5. Калкты топурак,шагыл менен камсызоо максатында жер сураган жарандардын толук тийиштүү документерин жоктугунан калтырылсын.
6. Кыз Булак участкасындагы Т. Баймуратовдун там аркасы боюнча участогунун көк китебин жокко чыгаруу боюнча тийиштүү мекемеге сунуш берүү айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адисине милдетендирилсин.
7. Атабаев Жамалдын арызы боюнча айылдык кенештин жер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияна кайра кароого жөнөтүлсүн.
8. Аткарылышын көзөмөлдөө жер мызмдуулук б-ча туруктуу комисияга милдетендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|