Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №8
Чаткал айылдык кенешинин бюджет, боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жөнүндө Чаткал айылдык кенешинин XIII сессиясы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата жалпы 15793,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2018-жылга карата 15793,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Эн биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондко чегерүүлөргө жана комуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак-аш сатып алуусуна жана сапар чыгымдарга жумшалаары белгиленсин.
3. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн 2018-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин көлөмү 15793,1 мин сом өлчөмүндө болсо, анын ичинен 6314,6 мин сомду тендөөчү грант түзөт. Тендөөчү гранттан бөлүнгөн акча каражатты корголуучу статьялардын негизинде чыгымдалуу жагы белгиленсин.
4. КР нын бюджеттик укуктары жана негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-статьясына ылайык айыл Өкмөттүн бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1пайызы же 130.6 мин сом өлчөмүндө айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
5. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 1506,0 мин сом акча каражаты № 3 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
6. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн атайын каражат эсебинде 2018-жылдын 1-январына карата калган 358,4 мин сом акча каражаты № 4 тиркеменин негизинде жумшалаары белгиленсин.
7. Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаткал айыл аймагынын Чаткал айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|