Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №10
Чаткал айыл өкмөтүнүн мал чарбасындагы ветеринардык маселелер боюнча адиси Ш.Тукушовдун сунушун жана айылдык кенештин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү, тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагында мал жандыктарын жугуштуу ооруларга каршы эмдөө акысы бир баш жылкы үчүн-70 сом, бир баш кара мал үчүн-70сом, бир баш кой-эчки үчүн - 15сом, ит үчүн-100 сомдон бекитилсин.
2. Чаткал айыл өкмөтүндөгү мал жандыктарын ветеринардык талаптарга ылайык белгиленген мөөнөттө эмдөө жана сапаттуу вакциналар менен эмдөө ветеринардык сервистердин жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. 2018-жылга карата малдарды идентификациялоо боюнча операторго атайын каражатын эсебинен эмгек акы каралып берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кенешинин айыл,суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|