Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-февралы №11
Чаткал районуна караштууЧаткал токой чарбасынан Беш Арал мамлекеттик жаратылыш коругуна КРнын мамлекеттик токой кызматынын төрагасы Т.Мусуралиевдин 2002-жылдын16-июлундагы №61 буйругунун негизинде 488,3 га жана 4662 га жер аянтарын өткөрүп берүү,коруктун административдик корпусу жайгашкан 2,3 га жана мурунку токой жайгаштыруу иштеринин жүрүшүндө келип чыккан 4662 га жер аянтарын өткөрүп берүү боюнчабеш Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун директору Р.Аманкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой кызматынын торагасы Т.Мусуралиевдин 2002-жылдын16-июлундагы №61 буйругунун негизинде Чаткал токой чарбасынан №49 квартал аянты 332 га жана №51 квартал аянты 154 га жалпы 486,0 га жер аянты Беш Арал мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүлүп берилсин.
2. Картографиялык материалдардын жоктугунан инвентаризация жүргүзүүдө жер балансы менен келип чыккан мамлекеттик жер запасынан 4662 га жер аянты Беш Арал мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүлүп берилсин.
3. Коруктун админситративдик корпусу жана кызматтык турак жайлары жайгашкан 203 га жер аянтарын Чаткал токой чарбасынан Беш Арал мамлекеттик жаратылыш коругуна өткөрүлүп берилсин.
4. Жогорудагы корсотулгон жер аянтарын Беш Арал мамлекеттик жаратылыш коругуна беитип берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл чарба жана жер,жаратылыш ресурстарын пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|