Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-апрели №4
Чаткал айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюштуруу жана айдап себүү боюнча берилген маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIV–сессиясы
ТОКОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн Чаткал айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айдап себүү боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал айыл аймагында айдап себүү жана тоют жыйноо боюнча жеке менчик техникаларынын элге кызмат көрсөтүүдөгү баасы элдик жыйындын негизинде кабыл алынган баалар бекитилсин.
3. Элдик жыйында кабыл алынган айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүүдөгү баалардын туруктуу сакталышын көзөмөлдөө Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл чарба,жер жана турак жай боюнча адиси Б.Омурбековго милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык кенешинин айыл чарба,жер,укук мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|