Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-апрелиндеги №5
Чаткал айыл окмотунун маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIV–сессиясы Курулуш айылында ФАПтын түптөлүшүнө кошкон салымын жана көп жыл талыкпай эмгектенип, «Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү учун маркум Айнаш Акматованын ысымын Курулуш айылындагы ФАПка ыйгаруу боюнча Курулуш айылынын тургундарынын 2018-жылдын 30-апрелиндеги чогулушунун токтомун жана Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Курулуш айылындагы ФАПка Акматова Айнаштын ысымы ыйгарылсын.
3. Чаткал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Чаткал райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. ФАПтын аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Айнаш Акматованын жакын туугандарына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|