Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №3
Чаткал айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча адисинин сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш айылынын тургуну Ормотоев Санжардын кайрылуусунун негизинде Чапчыма ашуусунан 0,05 га жер убактылуу ижарага берилсин.
2. Курулуш айылындагы ФАПка токтом берүү боюнча макулдук берилсин.
3. Мырзаяров Кутманбектин Рават участкасындагы медстанциянын жериндеги там аркага беруу боюнча арызы комитетте каралып мыйзам чегинде сессияга сунушталсын.
4. Ак таш айылынын тургундары Исматов С жана М.Ашырбаевдердин арызы боюнча жана Жаны базар айылындагы мечитке токтом берүү маселеси кайрадан комитетте мыйзамдуу каралып сессияга сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык Кенешинин жер жана турак жай,мыйзамдуулук боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|