Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №4
Чаткал айыл аймагынын мигирация жана туризим боюнча адисинин маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн мигирация жана туризим боюнча адисинин маалыматы эске алынсын.
2. Чаткал районунун аймагында кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан ишканаларга жергиликтүү тургундарды жумушка жайгаштыруу боюнча Чаткал айыл өкмөтүнүн адисине социалдык абалы оор үй бүлөлөрдү караштыруу менен ишке жайгаштыруу жана бир үй бүлөдөн 1 адамды жумуш менен камсыздоо, кээ бир ишканаларда иштеп жатып себепсиз жумуштан чыгып кеткен жумушчулардын ордуна бир туугандарын же жакын туугандарын алардын ордуна жумушка жайгаштырууга жол бербөө.
Айыл өкмөтүндө катоого турган жумушсуздарды кезеги менен жумушка жайгаштыруу,кен казган ишканалардын аймактык өкүлдөрү жана айыл башчылар менен биргеликте иш жүргүзүүсү милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|