Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 15
Ноокат шаарынын айлампасын куруудан калган "Байгелди Строй" ЖЧК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын айлампасын куруудан калган "Байгелди Строй" ЖЧК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын айлампасын куруудан калган "Байгелди Строй" ЖЧК ишканасына эски карыз 82,0 (сексен эки миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |