Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июну №5
Чаткал айыл аймак башчысынын жана жергиликтүү тургундардын сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл аймагына караштуу Чандалаш участкасындагы жашаган элдик жыйынынын айыл статусун берүү боюнча маалыматы жана айыл статусун алуу жөнүндөгү кайрылуусу жактырылсын.
2. Чандалаш айылына айыл статусун алуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын тактап тапшыруу жана айыл макамын берүү жагы Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясына сунушталсын.
3. Айыл статусун алуу боюнча иш алып баруу Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго жуктолсун.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|