Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-июлу №3
Чаткал айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХVII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак таш айылынын тургундары Ашырбаев М, Стамбеков А,Максымбеков Т арыздары арыздары айыл өкмөтү тарабынан канаттандырылсын.
2. Курулуш айылындагы Ак кыя участкасынан иштетилбей жаткан жерден там арка үчүн кезекте турган жарандарга там арка учун архитектуралык талаптарга ылайык мыйзамдуу жер аянтарын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Чандалаш участкасындагы иштетилбей жаткан 50 га жер участогу бала бакча куруу үчүн мыйзамдуу архитектуралык талапка ылайык бөлүнүп берилсин.
4. Чаткал райондук салык кызматынын берген катындагы Жер салыгынын ставкалык баасын жогорулатуу тапшырмасы боюнча мурунку баа менен төмөндөгүдөй болуп калтырылсын:
Суулу жер үчүн 1 га 97,0 сом
Кайракы жер үчүн 1 га 31,15 сом
Чөп чабынды жер үчүн 1 га 13,25 сом
Жайыт 1га үчүн 6,45 сом
5. Жогорудагы кабыл алынган чечимдердин негизинде иш алып баруу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча адиси Б.Омурбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|