Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу №1
Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун жана Чаткал айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХVIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдыкеримовдун сунушу эске алынсын.
2. Жергиликтуу бюджеттин киреше бөлүгү жыл ичинде коюлган пландан ашыкча аткарылгандыгы боюнча кошумча киреше бөлүгүнүн планына лицензияны кармап тургандыгы үчүн алынуучу салыгына 300,0 мин сом, кайра бөлуштүрүү фондунун жер салыгына 14152600 статьясына 150,0 мин сом жалпысы 450,0 мин сомго кошумча план суралсын.
3. Киреше бөлүгүнө берилген кошумча пландын негизинде чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй негизде чыгымдоо жагы бекитилип берилсин. Чыгаша бөлүгүнүн башкаруу тармагынын 22111100 статьясына 50,0 мин сом, 22154900 статьясына 378,0 мин сом, билим берүү тармагына 22221200 статьясына 22,0 мин сом жалпысы 450,0 мин сом.
4. Чаткал айыл өкмөтүнө «ОсОО Кальтон» иш канасынан 2129,9 мин сом өлчөмүндө акча каражаты социалдык өнүктүрүү программасынын негизинде негизинде атайын каражаттын эсебине түшкөн 2129,9 мин сом акча каражатына киреше бөлүгүнө кошумча план суралсын жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй багытта чыгымдоо жагына мыйзам чегинде уруксаат берилсин: Башкаруу тармагынын 22154900 статьясына 850,0 мин сом, 22211100 статьясына 30,0 мин сом,31112390 статьясына 599,2 мин сом, 31121330 статьясына 150,0 мин сом, 31123290 стаьясына 320,7 мин сом, 31121290 статьясына 150,0 мин сом көрсөтүлгөн статьянын негизинде чыгымдалсын.
5. Чаткал айыл өкмөтнүн бюджетинин эсебинен аймактык участкалык инспекторуна 31121290 статьясына 150,0 мин сом «ВАЗ 2107» улгусундогу Жигули автоунасы сатылып алынсын жана мыйзамдуу айыл өкмөтүнүн эсебине кириштелсин.
6. Бюджеттик акча каражатты мыйзам чегинде жумшоону колго алуу жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн ФЭБнун башчысы Т.Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, жер жана агрардык масалелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|