Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-ноябры №2
Аймактагы курулуп жаткан имараттар боюнча Чаткал айылдык кенешинин туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХIХ–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны курулуп жаткан имараттар жана капиталдык оңдоодон өтүп жаткан имараттардагы иштер толук кандуу аткарылбагандыгы белгиленсин жана кемчиликтер кайрадан толук аткарылганга чейин технадзорго төлөнүүчү эмгек акысын төлөө убактылуу токтотулсун.
2. Жаны курулган имаратардын жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан имаратардагы кемчиликтерди тез арада калыбына келтирүү боюнча айыл өкмөтүү тарабынан көзөмөлгө алынсын жана аткарылган жумуштардын отчетторун так болбосо кийинки акча каражатын берүү токтотулсун.
3. С.Чондоева МЧБнун, С.Мырзалиев орто мектебине келген көмүр 70 пайызы майда болгондуктан көмүр менен камсыздаган МЛН ЖМТ ОсОО ишканасына кайрадан сапатту көмүр менен камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Ак таш айылындагы жаны курулган мектептин курулуш иштери толук аткарылганга чейин ал имаратка окуучулар киргизбөө туралуу маалыматы эске алынсын жана айыл өкмөтү тарабынан тийиштүү органдар менен иш алып баруу жагы белгиленсин.
5. Баластан бала бакчасынын жаны курулган имаратты толук бүткөрүлгөнгө го чейин ал имаратка киргизүү токтотулсун.
6. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына милдетендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|