Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-2
Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 01.01.2019-жылга карата калган 1047,1 миң сом, атайын каражат эсебинен 34,0 миң сом калган калдыкты 2018-жылдын сметасында каралып, аткарылбай калган чыгымдарга жана башка зарыл чыгымдарга сарптоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Нуруеванын сунуш катын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджет эсебинен калган 1047,1 миң сом, атайын каражат эсебинен калган 34,0 миң сом калдык төмөндөгү зарыл чыгымдарга сарпталсын:
· Талаа-Булак, Таштак айылдарынын көчөлөрүнө жарыктандыруу койдуруу үчүн 160,3 миң сом;
· Жаны-Ачы айылынын таза суусун оңдоо үчүн насос алууга 196,0 миң сом;
· Орто-Азия айылынын бала бакчасынын курулушуна 137,0 миң сом;
· Кызыл Сенир айылындагы спорт мектебине 130,0 миң сом;
· Жайыт комитетине Арис долбоору аркылуу трактор алууга айыл өкмөттүн салымы үчүн 423,8 миң сом бөлүнүп берилсин;
· Атайын каражат (ата энелер взносу) эсебинен калган 34,0 миң сом акча каражаты балдарга кошумча тамак ашын алып берүүгө жумшалсын.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы финансы бөлүм башчысы Г.Нуруевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|