Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-3
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” 2009-жыл 26-январь №30 мыйзамынын 4-6-8 беренелерин жана 6 бөлүмүн 11.1.1 беренелерин негиздеп, жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковдун жайыттарды пайдалануу боюнча 2019-жылга карата пландаштырылышы жөнүндө маалыматын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын кеңешмесинин токтомун угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга такталган киреше жана чыгашалары 906,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт жерлерди тосуп, чөп орок катары пайдалангандар ар бир гектары үчүн 500 сомдон акы төлөөсү жөнүндө жайыт комитетинин сунушу колдоого алынсын.
3. Жайыт пайдалануучулардан мал башына алынуучу төлөмдөр төмөнкүдөй белгиленсин:
- чоң жылкылар жана бодо малдар үчүн башына 120 сом;
- жаш жылкылар жана жаш бодо малдар үчүн башына 100 сом;
- тай жана торпоктор үчүн башына 60 сом;
- кой-эчкилер үчүн башына 25 сом;
- козу-улактар үчүн башына 12,5 сом;
Ал эми сыртка чыккан жайыт пайдалануучулар үчүн мал акысы белгиленген төлөмдүн 50% өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жайыт комитетинин өздүк авто машинасынын жоктугуна байланыштуу келишим менен жеке автомашиналар иштешүүгө макулдук берилсин.
5. Жайыт пайдалануудагы жер салыгынын үчтөн бир бөлүгү айыл өкмөттүн эсебине кайтарылсын.
6. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Исаковго милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|