Редакцияот 21.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеӊешинин кезектеги XI сессиясы

 

2019-жылдын 30-январы №11-4

“Мүрөк-Суу” СПАсы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын негиздеп, “Мүрөк-Суу” суу пайдалануулар ассоциациясынын жетекчиси З.Ашимовдун 2018-жылдагы аткарылган иштери жана 2019-жыл үчүн аткарыла турган иштери жөнүндө маалыматты жана бюжет боюнча кеңештин туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Мүрөк-Суу” суу пайдалануулар ассоциациясынын 2019-жылга такталган киреше жана чыгашалары 1283,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы “Мүрөк-Суу” СПАсынын жетекчиси З.Ашимовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Тѳрага

А.Маканбаев