Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №11-6
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиялары тууралуу 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18-126 буйругу менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Р.Джумаевдин маалымат угуп, талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү Жобо бекитилсин. Тиркеме 9 (Тогуз) барак.
2. Бузуулар боюнча комиссиянын курамынын саны 5 адамдан түзүлсүн жана төмөндөгү курамда бекитилсин:
• Матиев Максатбек- айыл өкмөт башчынын орун басары, комиссиянын төрагасы
• Тагаева Тамара- айылдык кенештин депутаты, комиссиянын орун басары
• Сулайманов Аширбай- айыл өкмөттүн башкы адиси, комиссиянын катчысы
• Ашимов Замирбек, айылдык кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
• Жойболотов Алибек, айыл өкмөттүн жаштар комитетинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Тѳрага | А.Маканбаев |
|