Загрузка документа…
ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №5
Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Р.Торогельдиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018- жылдагы бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019- жылдагы бюджети 550 000 сомго бекитилсин.
3. Жайыттын 1 ШМБ баасы: жакынкы жайытка-100 сом. Алыскы жайытка-100 сом болуп бекитилсин.
4. Талдуу-Булак айыл өкмөтү Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен түзүлгөн, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү типтүү келишим бекитилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Матишев |
|