Редакцияот 04.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2019-жылдын 04-февралы №6

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине инвестиция тартуу жөнүндө

 

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Р.Торогельдиевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2019-жылга инвестиция тартуу максатында керектүү суммада акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Инвестиция тартуу максатында керектүү суммада акча каражатын бөлүнүп берүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Р.Торогельдиевке жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Матишев