Редакцияот 04.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2019-жылдын 04-февралы №12

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жарандарга турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө

 

Талдуу-Булак айылдык Кенешинин депутаты Г.Каимовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жарандарга турак-жай куруу үчүн жер тилкеси 0,08 га болуп бекитилсин.

2. Жарандарга турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин 0,08га өлчөмдө бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Матишев