Редакцияот 04.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талдуу-Булак айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2019-жылдын 04-февралы №14

Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө

 

Талдуу-Булак айылдык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн Кыргоо айылындагы эски бузулуп кеткен кароолканасы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине өткөрүлүп алынсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Матишев