ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талдуу-Булак айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2019-жылдын 04-февралы №15
Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасына айлык маяна чегерүү жөнүндө
Талдуу-Булак айылдык кенешинин төагасы Б.Матишевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасына бир жылга 17,0миң сом өлчөмүндө айлык маяна чегерилсин.
2. Айлык маянаны 2018- жылга төлөп берүү жана келерки жылдарга Айлык маяна чегерүү жана төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Акматкуловко милдеттендирилсин
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн расмий www.talduubulak.kg веб –сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Талдуу-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талдуу-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Арзыматовко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Матишев |
|