Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №1
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2018 жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2019 жылга бюджетин жана 2020-2021- ж.жылдардагы болжолдуу бюджетин бекитуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Осоров Нурландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2018- жылдагы бюджетинин аткарылышы канаттандыраалык деп табылсын.
2. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019 жылга көлөмү 6686,4 мин сом суммасында бекитилсин.(бюджет-6559,3 мин сом,атайын каражат 127,1 мин сом).
3. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы болжолдуу бюджети 6542,3 мин сом, 2021-жылга болжолдуу бюджети 6695,9 мин сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2019 жылга тузулгон штат бирдиги №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2019 жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө КР каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук сандарга карата айыл чарба жер салыгына базалык ставкасын 46 сом 20 тыйынга которуу менен 542,7 мин сомго кошумча акча каражаты бекитилсин жана айыл өкмөтүнүн мумкунчулугун эске алуу менен ишкердик үчүн мүлк салыгынан 13,6 мин сом,айыл чарба эмес жер салыгынан 67,7 мин сом,атайын каражат эсебинен 12,9 мин сом жалпысы 94,2 мин сомго кыскартылсын.
6.Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн прогнозунун өзгөрүшүнө жараша салыктын түрлөрүнө өзгөртүүлөрдүү киргизүү, жергиликтүү бюджетке тиешеси бар ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген уводомлениялардын негизинде чектөө планын өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
7.2019-жылга Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү тендөөчү грант ошондой эле жергиликтуу бюджет биринчи кезекте корголгон беренелерге жана коммуналдык чыгымдарга сарпталсын.
8.Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше булагы менен камсыздоо биринчи кезекте салык жана башка төлөмдөрдү белгиленген планын ар бир түрү боюнча аткаруунун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы Арапбай уулу Азимшахка милдеттендирилсин.
9.Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 24-беренесине ылайык 60,0 мин сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
10.Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекс жөнүндөгү» пландан ашыкча жыйналган кирешелердин көлөмү жылдын жыйынтыгы менен гана аныкталуусу эскертилип,айдын кварталдын пландуу чыгымдарына каржылоо ФЭБ башчысы Н.Осоровко жүктөлсүн
10. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 110-беренесине ылайык Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү Республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамдын негизинде бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 16.05.2016-жылдагы мыйзамдын 115-беренесине ылайык ушул айылдык кенешинин сессиясынын чечими менен бекитилген сумманын чегинде бюджетке өзгөртүүлөрдүү киргизип туруу жагы ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
12. Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүн КР Өкмөтүнүн №403 токтомунун негизинде 4,0 айыл башчы жана 2,0 аскерге чакыруу жана паспортстол штаттык бирдиги киргизилсин.
13. Кызыл-Үңкүр айыл аймагында табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча 2019-жылга кечиктирилгис чараларды көрүү максатында кол тийгис 150,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
14. Бөлүнгөн 150,0 мин сом акча каражаттын максаттуу пайдалануу жарандык коргоо комиссиясынын чечими аркылуу иштеттүү милдеттендирилсин.
15. Айыл аймагындагы маданий иш чараларды өткөрүү үчүн 134,3 мин сом ажыратылсын.
16. Айыл өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 200,0 миң сом,айыл өкмөтүнүн кызматкерлери үчүн компьютердик жабдууларды алууга 50,0 мин сом,айыл өкмөтүнүн сапар чыгымы, байланыш кызматы ,транспорт чыгымына жана электр энергиясына жана ар кандай чыгымдар үчүн 313,0 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
17. Жогорку Ак-Булак жана ылдыйкы Ак-Булак айылдарынын ички жолдорун ондоо, ошондой эле Алтын-Кыя айылына таза суу чыгаруу үчүн 353.5 миң сом каралсын.
18. Балдар бакчасына идиш аяк алуу, килем палас алуу,шейшеп алуу үчүн 41,9 мин сом,транспорт кызмат-10,0 мин сом,отун, көмүр алууга-50,0 мин сом,электр энегиясына-40,0 мин сом,ар кандай чыгым үчүн-15,3 мин сом тамак аш алуу үчүн 190,0 мин сом жалпысы болуп жергиликтүү бюджеттен 350,2 мин сом каралсын.
19. №21 С.Ташиев орто мектебине интернет байланыш үчүн 11,0 мин сом ,ар кандай чыгым үчүн 6,5 мин сом чарбалык буюмдарды алуу үчүн 35,0 мин сом, электр энергиясы үчүн 395,3 мин сом,видио көзөмөл алууга 50,0 мин сом, жылытуу системасы үчүн циркулярдык насос алууга 50,0 мин сом , суу насоско 20,0 мин сом жалпысы болуп 692,8 мин сом акча каражаты ажыратылсын.
20. №48 М.Чыйбылов атындагы орто мектеби отун ташып келүү үчүн транспорт кызматына 10,0 мин сом, жылытуу системасы үчүн электр движок алууга 8,5 мин сом жылытуу системасына бензин алууга 50,0 мин сом жалпы 68,5 мин сом каралсын.
21. Айылдык маданият үйүнө музыкалык аппаратура алуу үчүн 100,0 мин сом жана сапар чыгымына 3,0 мин сом ар кандай чыгымына 5,0 мин сом,электр энергиясы үчүн 7,0 мин сом каралсын.
22. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБ башчысы Н.Осоровко милдеттендирилсин.
23. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Тѳрага | Жамгырчиева А.А. |
|