Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №5
Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору Жолдошбаев Нурмамат Эсенгелдиевичтин 2019-жылдын 16-январындагы № 01-06/3 сандуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын тарабынан өндүрүлүп сатыла турган продукциялардын, ижара акылардын 2019-жылга карата каралган баа өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:
-токой кызматынын бал челектеринен алынган -1,0 кг балдын баасы-110сом.
-айыл аймагынын элдерине сатыла турган -1м.куб отундун баасы -200сом.
-айыл аймагындагы мекеме-ишканаларга -1м.куб отундун баасы -400сом.
-токой кызматынын аймагынан сыртка отун сатуу- 1м.куб отундун баасы -600сом.
-ижарачылар 1,0га жангак токоюунан жангак урук тапшыруу -2кг.
-токой фондунун жерине менчик бал аары уюгун койгондугу үчүн ижара акысы 1 даана бал уюгуна -48 сом 06 тыйын
-1,0 га сугарма айдоо жер аянтынын салыгы -1000 сом
-1,0га кайракы жер аянтынын салыгы - 162 –сом
-1,0га чөп чабык жер аянтынын ижара акысы -200 сом
-1,0 га жайлоо жер аянтынын жер салыгы -46 сом 20тыйын
-1,0 га жайлоо жайыт ижара акысы - 80 сом 10 тыйын
-0,01 га сай жээгиндеги жер аянтынын ижара акысы -200 сом.
2. Кызыл-Үнкүр токой кызматы тарабынан өндүрүлүп сатыла турган продукциялардын,ижара акылардын 2019-жылга карата каралган баа өлчөмдөрүн көзөмөлдөө,калктын нааразычылыгын туудурбай иш жүргүзүү Кызыл-Үнкүр токой кызматынын тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Тѳрага | Жамгырчиева А.А. |
|