Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №7
Кызыл-Үңкүр аймагынын жашаган элдеринин оозеки кайрылуусунун негизинде айылдык кенешинин депутаты Уметов Темиркул Калбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр Айыл аймагындагы билим берүү тармагында иштеген мугалимдерге жана саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген кызматкерлерге токой чарба тарабынан бериле турган отунга, отун пул төлөбөөгө женилдик берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана токой чарба кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Тѳрага | Жамгырчиева А.А. |
|