Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы №9
Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин төрагасы Жамгырчиев Алимбек Алтымышовичтин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр аймагындагы №21 С.Ташиев атындагы орто мектебине жана №4 Наристе балдар бакчасына Кызыл-Үңкүр токой чарбасы тарабынан 1994- жылы берген көмөкчү чарбасынын документтерин жана аянттын тактоо жагы токой чарбанын башкы токойчусу М.Кадыровко милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин экономика жана бюджет, мыйзамдуулукту сактоо жана укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде Кызыл-Үнкүр айыл аймагынын www.kyzylunkur.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Тѳрага | Жамгырчиева А.А. |
|