Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №1
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма биринчи сессиясы, айыл аймагындагы мектеп директору Н.Адылбекованын, “Баластан” балдар бакчасынын директору Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы дарыгери Д.Иманалиеванын, ИСКАКБ нын жетекчиси К.Шадыбековдун 2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын директору Н.Адылбекованын, “Баластан” балдар бакчасынын директору Т.Бокубаеванын, №8-ҮДТнын башкы дарыгери Д.Иманалиеванын, “Суулуу-Булак” ИСКАКБ сынын жетекчиси К.Шадыбековдун 2018-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аталган жетекчилер айыл өкмөтүнүн апараттык чогулушунда дайыма катышып, тиешелүү тапшырмалардын үстүндө иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|