Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №2
Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма биринчи сессиясы, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 335-беренесинин 2 жана 5-пукттарын, ошондой эле 337-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн бюджетин жогорулатуу жана дотациянын деңгээлин кыскартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жер салыгы төмөндөгүдөй жогорулатылсын:
-СПА аркылуу суугат суу пайдаланылган жерлердин салыгына гектарына 50 сомдон;
-суугат суу үчүн акы төлөнбөгөн жерлердин салыгына гектарына 100 сомдон.
2. Суу фондусуна таандык жерлердин (балык өстүрүүчү көлдөрдүн) салыгы гектарына 100 сомдон жогорулатылсын.
3. Айыл чарба багытындагы жер салыгын жогорулатылган тарифте эсептеп 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Б.Турдубаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|