Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №4
2004-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасынын негизинде айыл аймагындагы кыймылсыз мүлк бирдигине жалпы каттоо жана изилдөө жүргүзүлгөн. Каттоо учурунда турак жайлар, жер участоктору жаңылыш жазылган учурлар көп кездешүүдө. Бир адамдын атына эки жана андан көп турак жайлар, жер участоктору жазылып калган. Ошондой эле жарандардын көп жылдан бери пайдаланып келе жаткан турак жай жанындагы жер участоктору 25 сотыхтан ашып кеткен учурлары көп кездешүүдө. Жарандар жер участогунун ашыгын мурун турак жай курууга жер албаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине бекитип берүүнү суранышууда. Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма биринчи сессиясы аталган маселени карап чыгып, талкуулап айыл калкынын турак жай маселеси боюнча көйгөйлөрдү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинин 265-статьясын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурда берилип калган турак жай жана жер участокторун тактап, тиешелүү менчик ээлерине берүүгө уруксат берилсин.
2. Жарандардын жер участогунун 25 сотыхтан ашыгын ошол үй-бүлөнүн турак жай курууга жер албаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине берүүгө уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|