Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы №3
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 294730 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 294730 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 27035 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
-Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине 6000 сом сыйлык акы төлөнүп берилсин.
-Соц. фондго чегерүү 1035 сом ;
-Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 20000 сом;
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 267695 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
- Кошумча айлык акыга электрик айына 3000 сомдон бир жылга 36000 сом
- Жашылдандырууга кароолчу айына 1500 сомдон бир жылга 18000 сом
- Электриктин расчету үчүн 2838 сом;
Жалпысы эмгек акыга 56838 сом;
- Соц. фондго чегерүүгө 9805 сом;
-Ар кандай чыгымдар статьясына 201052 сом .
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү КР нын финансы министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Койчубаев |
|
|